Казакстан Сан-Марино менен визасыз режимди киргизет

Казакстан Сан-Марино менен визасыз режимди киргизет

Казакстандыктардын дүйнөлүк өрүшү кеңейүүдө. Казакстан менен Сан-Марино өкмөттөрү визалык талаптардан өз ара бошотуу келишимине кол коюшту. Ага жараша эки тарапка барып-келүү жеңилдейт. Башкача айтканда, эми казакстандык жарандар өлкөлөр ортосунда ээн-эркин 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бирок, үч айдан ашык калууну каалагандар өз өлкөсүнөн чыкпастан мурун тиешелүү визаны даярдап алыш керек. Келишим тараптардын түрдүү багыттагы дараметин жогорулатып, кызматташууну кеңейтүүгө жаңы дем берет, дешет серепчилер. Айта кетсек, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги иштеп чыккан документке Сан-Марино дароо жооп берген.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
- Аталган макулдашууга ылайык, улуттук, дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар Казакстан Республикасынын жана Сан-Марино Республикасынын жарандары туристтик, ишкердик жана башка да максатта бир же көп жолу сапарга чыга алышат.  Ал үчүн ар бир 180 күндүн ичинде  90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков