Казакстан менен Пакистан өз ара соода көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул багытта өлкө аталган мамлекетке товар экспортун 40 түрүн көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу Исламабадда казакстандык делегация Пакистандын соода министри менен жолугушууда билдирди. Тараптар геологиялык чалгындоо жана тоо-кен өндүрүшү, текстиль өнөр жайы, IT жана жасалма интеллект тармактарында, ошондой эле кадрларды даярдоо багытында кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Белгилей кетсек, быйыл 7 айда өлкөлөрдүн ортосундагы соода көлөмү 90 миллион долларга жакындады. Былтыркы тиешелүү мезгил менен салыштырсак 2,5 эсе жогору. Анын жарымынан көбү казакстандык экспорттун үлүшүнө туура келет.
Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
- Азыркы учурда чоң келишим түзүүгө даярданып жатабыз. Бул келишим бизге транспорт, соода жагынан мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал мыйзамдык негиздеме түзүп берет. Эми биз конкреттүү ири компаниялар менен иш долбоорлорун талкуулап, конкреттүү келишимдерге кол коё турган жол ачабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

