Казакстан-Пакистан: Стратегиялык өнөктөштүк

Казакстан-Пакистан: Стратегиялык өнөктөштүк

Казакстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык Президент Касым-Жомарт Токаев менен Премьер-министр Шахбаз Шарифтин жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчысы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 34 жылдыгына карата уюштурулган сапардын маанисин белгиледи. Бул Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандын Президенти катары биринчи мамлекеттик сапары. Ал Астана менен Исламабаддын ортосундагы мамилеге жаңы дем берүүгө багытталган. Касым-Жомарт Токаев Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери Пакистан Түштүк Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин эске салды. Өз кезегинде Шахбаз Шариф Исламабаддын Астана менен кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон чоң умтулуусун белгиледи. Транспорттук-логистикалык өнөктөштүккө өзгөчө көңүл бурулууда, бул Казакстан үчүн эл аралык рынокторго чыгуунун альтернативдүү жолдорун ачышы мүмкүн.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бул контекстте биз Пакистандын Карачи жана Гвадар портторунун мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Ошондой эле, артыкчылыктуу маселелердин бири катары Транскаспий транспорт коридорун жана Ооганстан аркылуу өтүүчү транзиттик каттамдарды өнүктүрүү каралды. Бул контекстте тараптар Казакстан – Түркмөнстан – Ооганстан – Пакистан багыты боюнча темир жол долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.


Тараптар агроөнөр жай комплексинде биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө ниеттенүүдө. Казакстандын Президенти азыр айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, ошондой эле фармацевтика жана курулуш материалдарын өндүрүү боюнча жаңы кубаттуулуктар керек экенин баса белгиледи. Өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын дагы бир кесилиши – жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнүктүрүү. Анан албетте, мунун баарынын негизин – инвестициялар түзөт.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Пакистан – исламдык каржылоо жаатында дүйнөлүк лидерлердин бири. «Астана» эл аралык каржы борборунда евразиялык мейкиндикте адал каржылоону өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн, аны пакистандык каржы институттары ийгиликтүү пайдалана алышат. Биз инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого да көңүл бурдук. Бүгүн «Самрук-Казына» жана «Фауджи» фонду конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган Биргелешкен инвестициялык платформаны түзүштү. Казакстан пакистандык инвесторлорго эң ыңгайлуу шарттарды сунуштоого даяр.


Негизги жыйынтык катары Казакстан менен Пакистандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлду. Мындан тышкары, бир катар өкмөттөр аралык келишимдер түзүлдү. Алар өнөр жай, тоо-кен тармагы, транспорт жана логистика, соода, фитосанитария, санариптештирүү жаатындагы кызматташтыкты камтыйт. Ошондой эле өлкөлөрдүн БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына биргелешип катышуусу боюнча меморандумга кол коюлду. Касым-Жомарт Токаев Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Лидерлер эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, кызматташтыкты кеңейтүүнүн жаңы багыттарын белгилешти. Исламабадда өткөн салтанаттуу аземде Касым-Жомарт Токаев Пакистандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду. Nishan-e-Pakistan орденин Мамлекет башчысына Пакистандын Президенти жана Премьер-министри тапшырды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков