Алматынын апорту эл аралык аренада казакстандык бренд катары расмий түрдө катталат. Бул багытта иштер эмитен эле башталды. Алма өстүрүүчүлөр ассоциациясы тиешелүү документтерди даярдап жатат. Адистердин айтымында, географиялык көрсөткүч катары каттоонун аркасында Алматы апорту бүткүл дүйнөгө белгилүү болушу мүмкүн.
Шолпан Абдреева, Юстиция
министрлигинин интеллектуалдык менчик укугу департаментинин мүдүрү:
- Эгерде алматынын апорту жөнүндө
айтсак, географиялык аталышка арыз үстүбүздөгү жылдын баш оона айынын 29да
берилген. Бул арыз 4 айдын ичинде каралат. Кечээ эле белгилүү болгондой, тогуздун
айынын 13дө «Алматылык апорт» географиялык белгиси берилгени тууралуу
сертификат тапшырылды. Бул азыр Алматы апорту географиялык көрсөткүч боюнча
бизде республикалык деңгээлде катталды дегенди билдирет.
Эске сала кетсек, тиешелүү тапшырманы президент Касым-Жомарт Токаев 4 жыл мурун берген. Мамлекет башчысынын айтымында, ата мекендик апорт «Рокфорд», «Пармезан» быштагы жана «Бордо» шампандары сыяктуу дүйнөгө белгилүү бренд болушу керек.
Шолпан Абдреева, Юстиция
министрлигинин интеллектуалдык менчик укугу департаментинин мүдүрү:
- Чет өлкөлөрдө, мисалы, Европа
өлкөлөрүндө же Кытай менен Американын аймактарында укуктук коргоого алуу үчүн
Ассоциация мындай жардамды алууну каалаган өлкөлөрдүн тизмесин түзүшү керек.
Ага ылайык, жардам алууну каалаган мамлекеттерди аныктаганда, Юстиция
министрлиги аларга толук юридикалык жардам көрсөтөт. Ал эми Интеллектуалдык
менчик институту арыз берүүгө катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков