Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкектеги «Ынтымак Ордо» резиденциясына келди. Мамлекет башчысын Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Ошондой эле резиденцияга уюмга мүчө башка мамлекеттердин – Орусиянын, Беларустун, Тажикстандын башчылары да келишти. Белгилей кетсек, сессиянын катышуучулары бүгүн коопсуздук жаатында кызматташууну чыңдоо, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашат
Которгон: Илгиз Жамалбеков

