Боао Азия форумунун алкагында Касым-Жомарт Токаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар уюмдун ишин өнүктүрүү жана аны мындан ары жакшыртуу маселелерин ар тараптуу карап чыкты. Президент уюмдун «Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтык менен өнүгүүгө умтулуу» аттуу Астанада өтө турган алдыдагы саммитине Казакстан тарап өзгөчө маани берерин билдирди. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ШКУну аймактык коопсуздук, соода-экономикалык интеграция жана маданий-гуманитардык байланыш процесстерин шыктандыруунун кубаттуу куралы катары карай турганын белгиледи. Өз кезегинде Чжан Мин Казакстан уюмдун дараметин жогорулатууга чоң салым кошуп жатканын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
– Бизге тыгыз карым-катнашта иштөө керек деп ойлойм. Анткени азыркы геосаясий кырдаалды эске алганда, алдыдагы Астана саммитинин мааниси өтө чоң. Саммит жүрүшүнө жана анын алкагында кабыл алына турган чечимдер менен сүйлөшүүлөргө бүткүл дүйнө көз салып турат. Билишимче, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары аталган жыйынга толук катышуу ниетин билдирүүдө. Уюштуруучу тарап катары Казакстан саммиттин ийгиликтүү өтүшү үчүн колдон келгендин бардыгын жасайт.
Чжан Мин, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы:
– Уюмдун азыркы төрагасы катары мен Казакстан чоң күч-аракет жумшап жатканын жана Жогорку мартабалуу президент мырза, сиздин ШКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртууга чоң маани берип жатканыңызды жогору баалайм. Астана саммитинин ийгиликтүү өтөрүнө ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков