Касым-Жомарт Токаев ата мекендик бизнес чөйрө өкүлдөрү менен жолугушту. Катышуучулар улуттук экономиканын сапаттуу жана туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, макроэкономикалык саясаттын багыттары, анын ичинде жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана экономиканын реалдуу тармагын жеткиликтүү насыялоо. Жаңы экономикалык структураны калыптандыруунун алкагында системалуу санариптештирүү, транспорттук-логистикалык тармакты жигердүү өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексинин дараметин толук ишке ашыруу, экономиканы, анын ичинде ата мекендик автоунаа өндүрүшүн өнүктүрүү аркылуу индустриялаштыруу маселелерине токтолушту. Казакстандын Президенти бардык сунуштар жалпыланып, андан соң алар боюнча конкреттүү чаралар кабыл алынарын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков