Мамлекет башчысы Тынчтык кеңешинин улук кеңешчисин кабыл алды

Мамлекет башчысы Тынчтык кеңешинин улук кеңешчисин кабыл алды

Казакстандын Президенти Дүйнөлүк тынчтык кеңешинин улук кеңешчиси Арье Лайтстоунду кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн уюмдун ишине катышуусунун маанилүүлүгүн билдирип, анын алкагында жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстандын Газа тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу боюнча демилгелери, анын ичинде инфраструктураны калыбына келтирүү долбоорлоруна катышуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланды. Арье Лайтстоун Касым-Жомарт Токаевга АКШнын Президенти Дональд Трамптын жылуу саламын да жеткирди. Дүйнөлүк тынчтык кеңешинин өкүлү Казакстандын уюмдун ишине жана башка демилгелерге жигердүү катышуусун жогору баалады. Сүйлөшүүчүлөр Ортоңку коридордун алкагындагы транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү да талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков