К. Токаев СOP29 дүйнөлүк климат саммити алкагында бир нече жолугушууларды өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев COP-29 дүйнөлүк климаттык саммитинин аянтчаларында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Казакстандын Президенти Кувейттин мураскер ханзаадасы шейх Сабах Халед аль-Хамад ас-Сабах менен болгон маегинде өлкө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи. Ошону менен бирге Кувейт атамекендик экономиканын ири инвесторлорунун бири болуп калышы мүмкүн. Борбор Азия – Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин форматында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев Руанданын президенти менен да жолугушту. Тараптар өнөктөштүктү бардык тармактарда кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Мамлекет башчысы Поль Кагамени Казакстанга визит менен келүүгө чакырды. Ал эми Түркиянын президенти Касым-Жомарт Токаев менен мамилелердин динамикасын талкуулашты. Өлкөлөр ортосунда саясий диалог жана соода байланыштары жолго коюлган. Өткөн жылы товар жүгүртүү 6 млрд долларга жетсе, эми тараптар аны 15 млрд долларга жеткирүүнү максат кылышууда. Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган келерки жылы Анкарада жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынында өлкөлөр ортосундагы бир катар жаңы келишимдерге кол коюларын баса белгиледи.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын Премьер-министри, БАЭнин, Молдованын, Монголиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана башка жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушту. Мамлекет башчысы "Аль-Азхар" университетинин жогорку имамы менен да маектешти. Касым-Жомарт Токаев шейх Ахмед ат-Тайебти келерки жылы Астанада өтүүчү дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съездине катышууга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков