Казакстандын президенти Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөштү. Немис тараптын демилгеси менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бизнес байланыштарын чыңдоого жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдарлыгын билдирди. Муну менен катар, Мамлекет башчынын өткөн жылдын аяк оона айында Берлинге болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга маани берилди. Касым-Жомарт Токаев менен Олаф Шольц эки өлкөнүн эл аралык аренадагы аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. Тараптар Астанада «Борбордук Азия – Германия» форматында өтө турган жогорку деңгээлдеги жолугушуу чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков