Мамлекет башчысы Сербия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы Сербия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы Сербиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев жана Александр Вучич эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү темпин жогору баалашып, казак-серб мамилелерин чыңдоо ниетин билдиришти. Мамлекет башчылары соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды активдештирүүнүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Касым-Жомарт Токаев Александр Вучичти быйыл Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков