Бул Улуу Жибек Жолун кайра жаратуу боюнча биргелешкен иштердеги ири кадам. Мында Казакстанда, ошондой эле бүткүл Орто Азия чөлкөмүндө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Республикалар Азия менен Европаны байланыштырган жолдогу маанилүү звено болуп саналат.
Ернар Серик, Соода саясатын өнүктүрүү борборунун директору
- Биз Кытайдан эбегейсиз көлөмдөгү жүктөрдү ташыйбыз. Бул болжол менен 3500дөн ашык түрү, эгерде маркалардын түрү боюнча алсак, анда алардын саны 10 миңди түзөт. Башкача айтканда, булар кийим-кечеден баштап, ар кандай жабдууларга, компьютерлерге чейин товарлар.
Логистикалык байланыштарды кеңейтүүдөн тышкары, биздин өлкөлөр билим берүү тармагында келишимдерге жетишти. Ошентип Казакстан темир жолго кадрларды кытай ыкмасы менен даярдайт. Меморандумга Алматы жана Сиань университеттеринин өкүлдөрү кол коюшту. Жаңы окуу жылында студенттерди алмашуу, окуу жана илимий байланыштарды чыңдоо пландалууда.
Мейрам Бегентаев, Сатбаев атындагы университетинин башкармасынын төрагасы-ректору
- Паркыбыз жаңырарын жакшы билебиз, алгач жаңыртып, кийин адистерди даярдасак, кечигип калабыз. Азыр биз үчүн тажрыйба алмашуу абдан маанилүү. Алардын жогорку даярдалган техникалык жана абдан жакшы лабораториялык базасы бар. Бирге кызматташып, кесипкөйлөрдү даярдасак, адистерибиз дагы бир топ жогорку деңгээлге чыгышат.
Чжао Чунпин, Сиань Темир жол профессионалдык-техникалык университетинин ректору
- Казакстан «Бир алкак, бир жол» демилгесин биринчилерден болуп колдогон жана ошондой эле стратегиялык жактан жайгашкан. Демилге алкагында Кытай менен Казакстандын кызматташтыгы учурда инфраструктуралык байланыштарды, санариптик технологияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, коммуникацияларды жана башка тармактарды камтыйт. Биз мындан аркы кызматташуубузду өз ара пайдалуу принцибинин негизинде иштейбиз.
Жакынкы келечекте Казакстан менен Сиань да туристтик кызматташтыкты арттырат. Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев бүгүн Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Президенттин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрү, ишкерлер жана инвесторлор менен жолугушуусу, ошондой эле Борбор Азия-Кытай саммитине катышуусу күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбек