Казакстан менен Грузия орто коридор аркылуу жүк
ташуу көлөмүн 10 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Өткөн жылы бул
көрсөткүч 65% га өскөн, ал эми үстүбүздөгү жылдын 8 айында 70% га өсүп, 3
миллион тоннага жеткен. Тараптар коридорду санариптештирүү үстүндө иштөөгө
ниеттенүүдө. Бул анын чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн алдында жагымдуулугун
жогорулатууга мүмкүндүк берет. Инвестиция жагынан Грузия буга чейин өлкөнүн
Түштүк Кавказдагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин далилдеген.
2024-жылдын биринчи кварталында эле грузин инвесторлору Казакстандын
экономикасына 88,5 миллион доллар инвестиция салган. Ал эми акыркы 10 жылда
инвестициянын көлөмү 500 миллион доллардан ашты. Казакстандын премьер-министри
менен Грузиянын вице-премьери өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгынын
келечегин талкуулашты. Олжас Бектенов жана Леван Давиташвили ошондой эле агро
өнөр жай комплекси, энергетика, туризм, авиация, ошондой эле логистика жана
транспорт тармактарында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин карашты. Тараптар
эки өлкөнүн соода-экономикалык өнөктөштүгүн динамикалуу өнүктүрүүнү камсыз
кылуу боюнча ишти улантуу ниетин тастыкташты.
Которгон:
Назира Бегалиева