Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Өкмөт жана тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери негизги көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча маалымат беришти. Ошондой эле коомдук, экономикалык, экологиялык, маалыматтык коопсуздук маселелери талкууланды. Улуттук коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган улуттук коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруунун жыйынтыктары каралды. Президент белгилегендей, ал коом үчүн маанилүү болгон конкреттүү натыйжалар боюнча бааланып, жарандардын жана мамлекеттин коопсуздук факторун эске алуу керек.  Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелери каралды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков