Мамлекет башчысы сэр Сума Чакрабартини кабыл алды

Мамлекет башчысы сэр Сума Чакрабартини кабыл алды

Мамлекет башчысы сэр Сума Чакрабартини кабыл алып, экономиканы өнүктүрүү боюнча штаттан тышкаркы кеңешчи катары үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Касым-Жомарт Токаев Реформалар боюнча Жогорку Кеңештин алкагында анын сунуштары бир катар программалык документтер менен колдоого алынганын белгиледи. Мамлекет башчы ошондой эле Сума Чакрабартинин Казакстандын инвестициялык саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымына оң баасын берди. Өз кезегинде Сума Чакрабарти мамлекет башчысына көрсөткөн чоң ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков