Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кеңешме өткөрдү. Президент өз сөзүндө инфляциянын алдын алуу аткаруу бийлигинин негизги милдеттеринин бири экенин, бирок ал аткарылбай жатканын айтты. «Бул кийинки өкмөттүн жана министрлер кабинетинин жаңы жетекчисинин негизги милдети болот», - деди ал.
Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү оор коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалга токтолуп, суюлтулган газ баасынын кымбатташына байланыштуу коомчулуктун нааразычылыгын туудурганы үчүн өкмөт, анын ичинде Энергетика министрлиги, ошондой эле, «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» күнөөлүү экенин айтты. Тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн масштабдуу реформалар жүргүзүлөт. Муну менен катар, Мамлекет башчысы ички рынокту товардык газ менен толук кандуу камсыздоону тапшырды.
Белгилей кетсек, бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Премьер-министрдин милдетин аткаруу убактылуу Смаилов Алихан Асхановичке жүктөлгөн. Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткара беришет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков