Бул жылы Казак искусствосу биринчи жолу дүйнөгө белгилүү искусство аянтчаларында: Венеция биенналесинде жана Гиме Азия искусство музейинде көрсөтүлдү. Ал эми казакстандык басылмалар дүйнөдөгү эң ири Франкфурт китеп жарманкесинде. Касым-Жомарт Токаевге Маданият жана маалымат министрлигинин тармактагы жетишкендиктери жана иши тууралуу Аида Балаева маалымат берди. 2024-жылы республикада журналисттин макамын жогорулатуу үчүн ЖМК тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынып, креативдүү индустриянын өкүлдөрүн колдоонун алкагында атайын салык режими киргизилип, 10 хаб ачылды. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент келерки жылдын маанилүү окуяларына - Казакстан элдери ассамблеясынын 30 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына, ошондой эле дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездине даярдыктарды өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

