Быйыл Казакстанда e-Joldar бирдиктүү системасы ишке
киргизилет. Ал өлкө аймагындагы бардык жолдордун абалын, оңдоо мөөнөтү жана
трассалардын паспорттору тууралуу маалыматтарды бириктирет. Мындан тышкары,
маалыматтык система ачыктыкты жана коомдук көзөмөлдү камсыздайт. Жалпысынан
алганда, 2026-жылы республикада 11 миң чакырымдан ашык жол курулушу жүргүзүлөт.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш иштери республикалык
трассалар менен катар, аймактык жолдорду да камтыйт. Артыкчылыктуу багыттардын
катарында мекеме «Борбор – Батыш», Караганды – Жезказган, Кызылорда – Жезказган
жана башка да ири магистралдык долбоорлорду белгилеп жатат. Кызылорда,
Петропавл, Рудный сыяктуу ири шаарлардын айланма жолдорун курууга, ошондой эле
туристтик багыттарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. 33 автоунаа өткөрүү
пунктун кеңири масштабдуу кайра жаңыртуу башталат. 2030-жылга карай алардын
өткөрүү жөндөмдүүлүгү 35 миллион тоннага чейин өсөт деп пландаштырылган.
Максат Калиакпаров, транспорт
вице-министри:
- Бүгүнкү күндө бардык керектүү чаралар жана пландаштырылган техникалык-экономикалык негиздемелер жасалды, жумуш штаттык режимде жүргүзүлүп жатат. Керектүү каражат толугу менен каралган. Кеңири жумуш пландаштырып жатабыз жана аны толугу менен аткарабыз. Мамлекет башчысы койгон бардык милдеттер менен максаттар тийиштүү мөөнөттө жана толук көлөмдө аткарылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

