Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Баян Жалмаганбетованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Акыйкатчы мамлекет башчысына укук коргоо чөйрөсүндөгү кырдаал тууралуу маалымат берип, бир катар демилгелерди сунуштады. Президент 2023-жылдын бештин айында Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы иш-аракеттер планына кол коюлганын эске салып, Ыйгарым укуктуу өкүл жана анын өкүлдөрү аны ишке ашырууда негизги ролду ойной турганын баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн акимчилик, тиешелүү министрликтер жана бейөкмөт уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Назира Бегалиева

