Келерки жылдан баштап өлкөдө казакстандык товар өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү реестри ишке киргизилет. Реестрге кирген компаниялар сатып алууларда жана мамлекет тарабынан колдоодо артыкчылыкка ээ болушат. Бул үчүн ишкерлер электрондук санарип кол тамгасы менен кол коюлган онлайн-порталда арыз тапшырып, текшерүү жана өндүрүштү баалоо процедурасынан өтүшү керек. Маалыматтардын бир бөлүгү мамлекеттик базалардан системага жүктөлүп, ал эми экинчи бөлүгүн арыз берүүчү берет. Андан ары система өндүрүштүн өлкө аймагында жайгашканын тастыктаган маалыматтарды талдайт. Реестрге кирген компаниялар үзгүлтүксүз мониторингден өтүп турушат.
Ерсайын Нагаспаев, Өнөр жай жана курулуш министри:
- Бул реестрдин мурдагы механизмден негизги артыкчылыгы,
албетте, санариптештирүү болуп саналат. Башкача айтканда, арыздарды берүү,
аларды текшерүү, чечимдерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта өтөт. Бул
бардык этаптарда ачык-айкындуулукту жана көзөмөлдү камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

