Казакстанда «Visa Fashion Week Almaty» мода жумалыгы өтүүдө

Казакстанда «Visa Fashion Week Almaty» мода жумалыгы өтүүдө

Казакстанда Visa Fashion Week Almaty жаңы сезонун «Seeing and Being Seen» темасы менен ачты. Бул жылы маданий иш-чара биринчи жолу мегаполистин Atakent Expo көргөзмө аянтында өткөрүлөт, бул мода көргөзмөлөрүнүн форматын жана көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.Программада 18 дизайнердин коллекциялары, ошондой эле Next Designer Award сынагынын финалисттеринин дефилеси көрсөтүлөт. Подиумдагы көргөзмөлөрдөн тышкары, серепчилерменен коомдук талкуулар, мастер-класстар жана коноктор үчүн атайын иш-чаралар да пландаштырылган. Мурунку сезондогудай эле, долбоор мода, искусство жана технологияны айкалыштырып, жаңы ысымдар жана чыгармачыл эксперименттер үчүн ачык мейкиндик сунушталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков