Мамлекет башчысы Павлодар облусунун акимин кабыл алды

Мамлекет башчысы Павлодар облусунун акимин кабыл алды

Өткөн жылы Павлодар облусуна 1 трлн теңге инвестиция тартылды. Бул рекорддук көрсөткүч. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда аймактын башчысы Асайын Байханов облустун өнүгүү жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Аймакта алтын бар концентратты кайра иштетүү жана ферро эритмелерди өндүрүү боюнча 2 долбоор ишке ашырылууда. Экибастузда 3 ферро эритме заводун куруу пландалууда. Бул ишканалар ишке кирсе, Казакстан аталган өндүрүш боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыгат. Мамлекет башчысы инвестицияларды тартууну улантуунун, «ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Асайын Байханов, Павлодар облусунун акими:

- Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын Иртыш дарыясынан өтө турган көпүрө куруу, аэропортту реконструкциялоо жана Экибастуздагы биринчи мамлекеттик райондук электр станциясы кубаттуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу баяндадым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков