Сенатта Казакстандын мамлекеттүүлүгү жөнүндө китептин бет ачары болду

Сенатта Казакстандын мамлекеттүүлүгү жөнүндө китептин бет ачары болду

Ата мекендик окумуштуу Мухит-Ардагер Сыдыкназаровдун эмгегинде 1562-жылдан 1879-жылга чейинки 130 эски европалык жана америкалык карталар камтылган жана казак мамлекетинин өнүгүүсүнүн негизги этаптарын ачык-айкын чагылдырат. Автордун айтымында, Казак хандыгы кылымдар бою Европа менен соода-сатык, маданий жана дипломатиялык байланыштарды түзүп, өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алган. Белгилей кетсек, Мухит-Ардагер Сыдыкназаров илимий ишин дүйнөлүк абройлуу илимий жана университеттик борборлор, китепканалар менен биргеликте жүргүзгөн. Депутаттар окумуштууга мындай масштабдуу изилдөө үчүн ыраазычылык билдиришти. Алардын айтымында, басылма Казакстандын эл аралык саясатынын жаңы өңүттөрүн коомчулукка ачкан өзгөчө тарыхый баалуулукка ээ.

Которгон: Илгиз Жамалбеков