Казакстандын аялдардын укуктарын коргоо жана
балдардын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы аракеттери Евробиримдиктин
Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жогору баалады. Тери Хакала быйылкы жылы
республикада кабыл алынган үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу тууралуу мыйзам
кырдаалды мындан ары жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи. Дипломаттын
айтымында, аны эффективдүү пайдалануу үчүн жазаны катаалдаштыруу гана эмес,
кеңири маалыматтык иштерди жүргүзүү керек. Бул коомдун үй-бүлөлүк зомбулук
көйгөйүнө болгон көз карашын өзгөртүүгө жардам берет.
Тери Хакала, Европа биримдигинин Борбор
Азиядагы атайын өкүлү:
- Бул туура багытта жасалган чоң жана абдан маанилүү биринчи кадам деп ойлойм. Дүйнө жүзү боюнча ковид карантин учурунда адамдар үйлөрүнөн чыга албай калгандыктан кырдаал начарлап кеткенин көрдүк. Ошондуктан, биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасын көтөрүп, талкуулай беришибиз керек. Ага каршы күрөшүү жоопкерчилиги ар бир адамдын мойнунда. Бул жалпы милдет. Бул үчүн, албетте, жамааттык аң-сезимди, көйгөйгө болгон мамилени өзгөртүү керек. Анткени, эң негизги максат бардык адамдардын тең укуктуулугуна жана сый-урматына жетишүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков