Катар Казакстандын Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү өнөктөшү. Президент Касым-Жомарт Токаев менен республикага мамлекеттик сапар менен келген Катардын Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө биздин өлкөдөн Катарга болгон экспорт 3 миллион долларды түзөт. Аны 70 миллионго чейин жеткирүү пландалууда. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Келерки жыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналат. Тараптар стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Сиз менин чакыруумду кабыл алып, Казакстанга мамлекеттик сапар менен келгениңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн биз эки тараптуу мамилелердин эң маанилүү маселелери боюнча макулдашууларга жетишүүнү пландап жатабыз. Катар мамлекети биздин Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү өнөктөшүбүз. Ошондуктан биз бардык күч-аракетибизди өз ара мамилелерибизди мындан ары өнүктүрүүгө жумшоого даярбыз.
Шейх Тамим Бен Хамад Аль Тани, Катардын эмири:
- Улуу Даражалуу, Президент мырза, өлкөгө мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганыңыз үчүн рахмат айтам. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жакшы мамилелер түзүлдү. Акыркы жылдарда биздин ар түрдүү тармактардагы байланыштарыбыз прогрессивдүү өнүгүп жатат. Бүгүн мамлекеттик сапардын алкагында кулжа айында Дохада өткөн экономикалык форумдун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулайбыз. Бул келишимдер бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Тиешелүү министрлердин катышуусунда бул маселелер кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында ар тараптуу каралат. Ошондой эле эртең өтө турган Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитине ийгиликтерди каалайм.
Тар чөйрөдөгү жолугушуу аяктагандан кийин Касым-Жомарт Токаев менен шейх Тамим бин Хамад Аль Тани эки мамлекеттин расмий делегацияларынын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү улантышты. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл буруп, казак-катар мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Катар 12 документке кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков