11 мамлекеттин башчылары Астанада боло турган саммитке катышат

11 мамлекеттин башчылары Астанада боло турган саммитке катышат

Тогуздун айынын 12си 13ү Астанада Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин VI саммити өтөт. Жыйынга 11 мамлекет башчынын катышуусу пландалууда. Байкоочу мамлекеттердин биринчи лидерлери да чакырылган. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, баш калаага жалпысынан 50гө жакын делегациянын келүүсү пландалууда. Уюмду чакыруу демилгесинин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, Казакстандын төрагалыгы алдында өткөрүлөт. Азия Кеңешинин саммити Казакстанда гана эмес, бүтүндөй континентте пандемиядан кийинки эң ири саясий окуялардын бири болуп калышы күтүлүүдө. Саммиттин жүрүшүндө бир катар документтерди жана чечимдерди кабыл алуу пландалууда. Белгилей кетсек, кеңешти чакыруу демилгеси Казакстан тарабынан 1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын 47-сессиясында көтөрүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков