Бул үчүн бардык шарттар бар. Казакстан он беш жылдын ичинде боордош мамлекеттин экономикасына 1 миллиард доллардан ашык түз инвестиция салды. Келечекте эки тарап тең кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө кызыкдар.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Өткөн жылы бугу айында президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары болуп, анда көптөгөн макулдашууларга жетишилген. Негизги көңүл экономикага бурулган. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар учурда тиешелүү түзүмдөр эки жактуу экономикалык дараметибизди бекемдөө максатында жүзөгө ашырылууда.
Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы:
Буга чейинки кызматташтыктын оорчунду, артыкчылыктуу милдеттерин карашты. Менин билишимче экономикалык кызматташуунун көлөмүн көбөйтөбүз деген пландар бар. Бул дагы чек эмес деп ойлойм. Себеп дегенде мүмкүнчүлүктөр абдан көп, андыктан бул жаатта иш алып барабыз деп мен толук ишенем.
Ошол эле учурда Казакстан менен Кыргызстан парламенттер аралык байланышты чыңдоого кызыкдар. Мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдары өзгөчө роль ойнойт. Алардын масштабы мүмкүн болушунча кенен. Атап айтканда, бул - экономика, илим жана билим берүү, маданият, спорт жана туризм тармактары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков