Жасалма интеллекттин интеграциясы бардык жерде, атап айтканда билим берүү, саламаттыкты сактоо жана энергетика тармактарында. Санариптик трансформация жаатындагы ушул жана башка маселелерди Казакстандын президенти менен Sinovation Venture жасалма интеллект институтунун башчысы жолугушуу учурунда талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев алдыңкы технологияларды киргизүүнүн жана алдыңкы дүйнөлүк серепчилер менен тажрыйба алмашуунун стратегиялык маанисин баса белгиледи. Өз кезегинде Ли Кай-Фу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүү технологиялык экосистеманы түзүүдөгү дараметин жогору баалады. Кытайда жана АКШда программалык өнүмдөрду жана AI-технологияларды иштеп чыгуу боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен белгилүү болгон чет өлкөлүк конок өлкөнү жаңы технологиялык деңгээлге көтөрө ала турган Казакстандык IT-демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

