Казакстан
менен Орусиянын
ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 30 миллиард долларга жетти. Орусия ата мекендик
экономикага эң ири инвесторлордун бири бойдон калууда. Акыркы 20 жылда салынган
инвестиция 28,5 миллиард долларды түзсө, өткөн жылдын 9 айында дагы эки
миллиарддан ашык доллар тартылган. Өз кезегинде Казакстан коңшу өлкөнүн
экономикасына 9 миллиард долларга жакын каражат салган. Казакстандын
премьер-министри жана Орусия
Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы соода-экономикалык жана инвестициялык
кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Астанага жумушчу сапары менен
келген Михаил Мишустин менен Олжас
Бектенов өнөр жай жана энергетика, транспорт тармактарындагы долбоорлорду ишке
ашыруу маселелерин козгошту. Тараптар Каспий деңизинин экосистемасын сактоону
жана биргелешкен жаратылышты коргоо демилгелерин иштеп чыгууну камтыган
экологиялык күн тартибине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле Михаил Мишустин
казакстандыктарды жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Жыйынтыгында
тараптар кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү курсун ырасташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

