Казакстанда улуттук товарлар каталогу ишке кирет

Казакстанда улуттук товарлар каталогу ишке кирет

Казакстанда товарлардын улуттук каталогу киргизилет. Бирдиктүү маалымат ресурсу товардын жолун өндүрүштөн же импорттон баштап сатууга чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Өлкө өкмөтүндө сооданын санариптик трансформациясынын келечеги талкууланды. Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча каталог баш оона айынын ортосунан баштап өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор жана сатуучулар тарабынан колдонула баштайт. Санариптик базада маркалоого тийиш болгон товарлар тууралуу бардык маалымат казак жана орус тилдеринде чогултулат. Буга катар эле таңгакталуучу товарлардын тизмеси да кеңейүүдө. 2025-жылдын аягына чейин мотор майлары үчүн таңгактоо милдеттүү болуп калат, ал эми 2026-жылдан тарта жеңил өнөр жай товарлары, зер буюмдары жана биокошулмалар үчүн да милдеттүү болот. Премьер-министр ошондой эле агромаркетплейсти жана көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү боюнча демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи – алар айыл жерлеринде экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Буга байланыштуу Соода министрлигине тиешелүү мамлекеттик органдардын жана акимчиликтердин ишин координациялоону камсыз кылууну тапшырам. Айыл чарба министрлигине жылдын аягына чейин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн агромаркетплейс аркылуу иштөөсүн стимулдаштыруучу механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылат. Тышкы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында бизнести импорттук процесстерди автоматташтыруу, бүтүмдөрдүн ачыктыгы жана сертификациялоо жагынан колдоого алуу зарыл. Соода министрлигине «Казпочта» менен биргеликте жылдын аягына чейин В2В электрондук соода аянтчасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүүнү тапшырам.


Которгон: Илгиз Жамалбеков