Мамлекет башчысы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Мамлекет башчысы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Казакстандын президенти ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавровду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев казак-орус мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык рухунда прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев мурда эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анын пикиринде, бардык иш-аракеттер стратегиялык мүнөзгө ээ болуп, эки өлкөнүн көп кырдуу байланыштарын олуттуу түрдө бекемдөөгө багытталган. Тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди, көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү жана интеграциялык биригүүлөрдү талкуулашты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков