Астанада референдум күнү 464 участка ачылат

Астанада референдум күнү 464 участка ачылат

Казакстанда өлкөнүн биринчи атомдук электр станциясын куруу маселеси боюнча республикалык референдумга активдүү даярдык көрүлүүдө. Эскерте кетсек, добуш берүүгө 12 миллиондон ашык адам катыша алат. 10 миңден ашык участкалар ачылат. Тогуздун айынын 6да борбордун өзүндө 464 участок иштейт. Алар эртең мененки саат 7де ачылып, кечки саат 8де жабылат. Жарандар өз тандоосун жасагандан кийин участкалык референдум комиссияларынын мүчөлөрү добуштарды саноого киришет. Бюллетенде мамлекеттик жана орус тилдеринде эки гана жооп жана бир суроо болот. Бул «Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?» деген суроо жана жооп варианттары «Ооба, макулмун» же «Жок, макул эмесмин». Эгерде катталган жарандардын жарымынан көбү добуш берсе, референдум өттү деп эсептелет.

Бейсембай Жумабеков, Астана шаарынын аймактык референдум комиссиянын төрагасы:

– Атомдук электр станциясынын курулушуна ар бир жаран каршы же колдоо көрсөтө алат. Референдум күнү биринчи кезекте байкоочулар отургузулуп, алардын милдеттери жана укуктарын тааныштыруу иштери жүргүзүлөт. Андан кийин албетте протокол түзүлүп, жащиктерге мөөр коюлат. Добуш берүү башталганга чейин байкоочуларга добуш берүү үчүн бардык шарттары бар кабиналар көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, референдумда добуш берүүнүн тартиби кадимки шайлоодон айырмаланат. Эң негизгиси бул жерде талапкер жок. Мамлекеттик маанидеги реалдуу маселе боюнча жарандар өз оюн айтышат. Байкоочулар күн бою добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышат. Бүгүнкү күндө 18 уюм БШКнын аккредитациясын алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков