Казакстандагы референдум чет элдик маалымат
каражаттарынын чоң кызыгуусун жаратты. Өлкөдөгү добуш берүүнү дүйнөнүн 30дан ашуун
мамлекетинен келген 200дөн ашык
чет элдик журналист чагылдырды.
Айта кетсек, Reuters маалымат агенттиги жаңы
Конституциядагы эң башкы нерсе катары бир палаталуу парламентке – Курултайга
өтүүнү жана вице-президенттин кызматын кайра калыбына келтирүүнү атады.
Кытайлык ЖМКлар, анын ичинде CGTN каналы референдумга
мыкты даярдык көрүлгөнүн, ошондой эле добуш берүү процесси ачык-айкын жана
уюшкандыкта өткөнүн баса белгилешти. Ал эми Баш мыйзамды колдоо өлкөдөгү саясий
системанын жетилгендигин жана жарандардын жогорку активдүүлүгүн көрсөтөт.
«Синьхуа» басылмасы Казакстандагы жаңы Конституция
мыйзам үстөмдүгүн бекемдеп, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоорун
белгилеген кеңири макала жарыялады. Документ
жаңы, заманбап жана динамикалуу мамлекеттик-саясий моделге өтүүнү билдирет.
Ошол эле учурда, түрк телерадиокомпаниясы TRT World
казакстандыктардын референдумга активдүү катышып, документти колдоп жатканын
жазууда. Макалага ылайык, бул калктын өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө кызыкдар
экенин көрсөтөт.
Италиялык Agenzia Nova агенттиги жаңы Конституция калктын
жана серепчилик коомчулуктун кеңири катышуусу менен түзүлгөнүн баса белгиледи.
Документте эгемендүүлүк, көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүк өзгөрүлбөс
баалуулуктар катары бекитилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

