Жаңы Конституция Казакстандын укуктук системасын чыңдайт

Жаңы Конституция Казакстандын укуктук системасын чыңдайт

Жаңы Конституция ушул жылдын теке айынын 1нен тарта күчүнө кирет. Бул өлкөдөгү масштабдуу укуктук жаңыланууну баштайт. Баш мыйзам беш конституциялык мыйзамга жана 60тан ашык беренеге түзөтүүлөрдү кабыл алууну көздөйт. Мыйзам чыгаруу процесси ачык, ал эми Парламентти таратуу тартиби так регламенттелген. Бул саясий системанын туруктуулугун жана болжолдуулугун арттырышы керек. Саясат таануучу Андрей Чеботаревдун айтымында, бул жагдайда негизги мамлекеттик институттардын туруктуу иштеши өзгөчө мааниге ээ. Атап айтканда, жаңы Баш мыйзам Парламенттин ролун күчөтөт жана кыйла ишенимдүү институционалдык негизди калыптандырат.


Андрей Чеботарев, саясат таануучу:


– Конституция – бул Казакстандын мамлекеттүүлүгүнүн институционалдык түзүмүн гана эмес, баалуулук багытын да өзгөрттү. Эң биринчи кезекте, өлкөнүн башкы идеясы – Адилеттүү Казакстан принциби бекитилди. Бул идеянын негизги принциптеринин бири – Мыйзам жана тартип. Ошондой эле, бир катар маанилүү жагдайлар да бар: бир жагынан биздин этностор аралык, конфессиялар аралык келишим, элдин биримдиги жана ынтымакташтыгы сыяктуу салттуу баалуулуктарыбыз сакталып турат, ал эми экинчи жагынан Казакстан эли эгемендүүлүктүн ээси макамын алганын көрүп турабыз. Бул маанилүү кадам.


Казакстандын жаңы Конституциясы жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коопсуздугун коргоону жана сактоону камсыз кыла турган адамга багытталган мамлекеттик саясаттын негизине айланмакчы. Серепчилердин пикиринде, мындай модель өлкөнүн укуктук тутумун кыйла заманбап жана коомдун чыныгы керектөөлөрүнө багыттап, туруктуу өнүгүү менен мамлекеттик институттарга болгон ишенимди арттыруу үчүн негиз жаратат.


Рустам Кайырыев, Казакстан уйгур жаштары биримдигинин төрагасы:


– Эгерде Казакстан Республикасынын жарандарынын укуктарын чыңдоо багытына токтолсок, мен Миранда эрежесинин киргизилишин айтат элем. Башкача айтканда, сиз юридикалык терминдерди, мыйзамдарды билбегендиктен өзүңүзгө каршы көрсөтмө берип коюшуңуз мүмкүн. Ошондуктан бул өзгөртүү укугубузду коргоого багытталган маанилүү түзөтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков