Казакстандык кардиохирургдардын ийгилиги

Казакстандын медицинасындагы маанилүү дата. 20 жыл мурун - 2004-жылы Астанада биринчи жолу ачык жүрөккө операция жасалган. 6 саатка созулган бул операцияны белгилүү кардиохирург Юрий Пя ийгиликтүү жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө алгач ирет мындай дарыланууга кабылган Атырау шаарынын тургуну толук кандуу өмүр сүрүп келет. Анын айтымында, оор диагноз коюлгандан кийин ал бул операциянын зарыл экенинен бир саамга да шектенген эмес.

Кадырбек Кожахметов, Атырау шаарынын тургуну:

- Операция болгондон бери 20 жыл өттү. Диагнозум жүрөктүн ишемиясы болгон. Азыр абалым жаман эмес, жакшы. Өзүмдүн бала-чакам, неберлерим менен басып жүрөм.

Юрий Пя, «UNIVERSITY MEDICAL CENTER» башкарма төрагасы:

- Бул операция кардиохирургия жагынан, айрыкча коронарлуу хирургия жагынан карай турган болсок, абдан оор. Жалпысынан, медицинадагы эң оор операция деп айта алам. Бирок биздин команданын ынтымактуу эмгегинин аркасында операция ийгиликтүү өттү. Бул операция Казакстанда кардиология тармагынын пайда болушуна жана кардиологиянын өнүгүшүнө жол ачты. Ошондуктан, аны жүзөгө ашырганыма ушул күнгө чейин кубанычтамын.

Бүгүнкү күндө Казакстанда кардиохирургия тармагы жигердүү өнүгүп келе жатат. Ата мекендик ак халатчандар  адамдын денесинин эң маанилүү бөлүгүн гана эмес, аны менен түздөн-түз байланышта болгон адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн он миңдеген өтө оор операцияны жасаган. Акыркы жылдарда казакстандык хирургдар заманбап ыкмаларды өздөштүрүү менен эле чектелбестен, өздөрүнүн ыкмаларын да ойлоп таап жатышат. Мындан тышкары, материалдык жабдыктар да эң алдыңкы деп айтсак болот.

Абай Байкенжин, Улуттук илимий медициналык борборунун башкарма төрагасы:

- Жылына биз балдар менен чоңдорго 3 миңге жакын жүрөк операциясын жасайбыз. Анын ичинде интервенциялык операциялар да бар. Акыркы статистика коронавирус пандемиясынын алдында болгон. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19 миң адамга чейин азайды. Бул дегенибиз, курмандыктардын санын 4 эсеге кыскарттык дегенди билдирет. Биз жигердүү түрдө дарыгерлер менен хирургдарды даярдадык. Чет өлкөдөн технология алдырып, аны аймактарга жөнөттүк. Бардык облус борборлору камтылган.

Адистердин сөзүнө ишенсек, бүгүнкү күндө Казакстандын медициналык борборлорунун сапаты менен медициналык кызмат көрсөтүү деңгээли боюнча бардык эл аралык стандарттарга жооп берет жана Борбордук Азияда алдыңкы деп айтууга болот. Бул ата мекендик гана эмес, чет элдик бейтаптардын да кызыгуусун жаратууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков