Мажилис төрагасы
башында турган жалпы улуттук коалиция Маңгыстау облусуна барды. Жергиликтүү
тургундар менен болгон жолугушууда Ерлан Кошанов аймактын өнөр жай дарамети
күчтүү экенин белгиледи. Ал эми топтолуп калган маселелер мамлекет башчысынын
тапшырмасы менен иштелип чыккан Комплекстүү пландын кабыл алынышынын аркасында
чечилди. Жакынкы жылдары облуста кайра иштетүү өнөр жайы, логистика, туризм
жана айыл чарба тармактарында 55 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Алардын
наркы 10 триллион теңгеге бааланууда. Мындан тышкары, Жаңаөзен шаарында курулуп
жаткан газды кайра иштетүүчү заводдун өндүрүштүк дарамети чоң. Ерлан Кошанов
жаңы Конституциянын долбоорунун нормаларына да токтолуп, жаңылыктар өлкөнүн тең
мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана андан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөрүн баса
белгиледи.
Ерлан Кошанов,
Парламент Мажилисинин төрагасы:
– Бул
кадамдардын негизинде Адилеттүүлүк, Теңдик жана Биримдик идеялары жатат. Мыйзам
жана тартип бекемделет. Бул түшүнүктөр биздин башкы баалуулуктарыбызга, коомдук
аң-сезимди активдештирген негизги принциптерибизге айланды. Жаңы Конституция –
бул системалуу иштин мыйзам ченемдүү уландысы жана жыйынтыгы. Ошондуктан,
өлкөбүздүн келечегин курууга багытталган беренелер, преамбулада чагылдырылган
баалуулуктар, коомдун талаптарынан жаралган принциптер – мунун баары президенттин
жүрөгүнөн чыккан. Бир сөз менен айтканда, жаңы Конституцияда мамлекет
башчысынын көп жылдык ой жүгүртүүлөрүнүн жемиштери элдин үнү менен үндөшүп
турат.
Облустун
өндүрүшчүлөрү, анын ичинде мунайчылар менен болгон жолугушууда экология
маселелерине көңүл бурулду. Конституцияда жаратылышка аяр мамиле жасоо боюнча
нормаларды бекитүүнүн актуалдуулугу өзгөчө белгиленди. Ишканалардын
кызматкерлери татыктуу эмгекке жана коопсуз эмгек шарттарына болгон укуктарды
маанилүү деп аташты.
Аргынбек
Калбаев, «Өзенмунайгаз» ААК тышкы жана ички коммуникациялар бөлүмүнүн адиси:
– Мунайчы катары
мен бүгүн эмгек адамынын макамы жогорулап, жумушчулардын укуктарын коргоо күчөп
жатканын көрүп турам. Биз реалдуу өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Атап
айтканда, жаңы Конституциянын 3-беренесинин 2-пунктунда адамдык капиталды,
илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул артыкчылыктар өлкөнүн
келечеги үчүн чоң мааниге ээ жана элдин кызыкчылыгына жооп берет. Референдум –
бул элдин үнү угулган чыныгы ачык аянтча. Ошондуктан биз бул демилгелердин
баарын өз убагында жана туура деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

