Касым-Жомарт Токаевге Улуттук суперкомпьютердик борборго барган учурунда MedTech, EdTech, GovTech жана өнөр жай тармактарындагы ата мекендик IT-чечимдери менен тааныштырылды. Алардын арасында калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган SmartCity Astana долбоору бар. Ал жасалма интеллектти колдонуу менен 100 миңден ашык жалпы байкоо камераларын туташтыруу менен борбордун санариптик эгиз моделин түзүүнү карайт. Ал эми AlemLLM жана AI Kitap жаңы билимдерди алууга жана колдонууга багытталган. Турак жай маселелерин комплекстүү чечүү үчүн Baspana Hub санариптик экосистемасы да кызыктуу. Анын жардамы менен маркетплейс аркылуу кыймылсыз мүлк сатып алууга, мамлекеттик кызматтарды алууга, жада калса оңдоп-түзөөгө заказ берүүгө болот. Мамлекет башчысына жүк ташуу тармагындагы ата мекендик стартап да тааныштырылды. Анын командасы Google акселерациясына катышып, программанын алдыңкы 3 долбоорунун катарына кирет. Казакстандык стартаптардын арасында эл аралык деңгээлге чыккандары да бар. Surfaice.pro буга чейин Американын 5 штатында иштеп, курулуш тармагы үчүн ноу-хау иштеп чыгууда. Казакстандык IT адистери токой өрттөрүнө мониторинг жүргүзүү, спорт жана албетте, медицина тармактары үчүн да кызыктуу чечимдерди сунушташты.
Которгон: Назира Бегалиева

