Казакстан менен БУУнун институттарынынаймактык жана эл аралык коопсуздукту камсызкылуу, куралсыздануу жана өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча ар тараптуу кызматташуусунун келечегин Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, куралсыздануу боюнча Жогорку өкүл Изуми Накамицу менен талкуулады. Мамлекет башчысы бул маселелерде, өзгөчө дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу өлкө принципиалдуу позицияны карманып жатканын дагы бир жолу баса белгиледи. Кошумчалай кетсек, эртең өзөктүк сыноолоргокаршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Буланын коркунучтуулугун бүткүл адамзаттын эсинесалып турган абдан маанилүү дата. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле учурдун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө БУУнун өзгөчө ролунбелгилеп, анын альтернативасы жок экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Изуми Накамицу Казакстандын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнчадүйнөлүк процесстеги лидерлигин, ошондой эле өлкөнүн орто держава катары өсүп жаткан ролунжогору баалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков