Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Корея Республикасынын тышкы иштер министри менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы KIA автоунааларын чыгаруу, Hyundai заводун иштетүү, ферроэритме жана болот өндүрүү сыяктуу бир катар демилгелерди мисал келтирди. Ал ошондой эле эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүдө казак-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын жана Ишкер кеңешинин дараметин толук пайдаланууга чакырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Мен эки тараптуу сооданын көлөмү 6 миллиард доллардан ашканына абдан кубанычтамын. Бирок, бизде көп мүмкүнчүлүк бар. Аны келечекте колдонуу керек. Ошондуктан сиздин бул сапараңыз актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Казакстан менен Кореянын негизги эл аралык көйгөйлөр боюнча позициялары бирдей. Бизди эл аралык аренада да, эки тараптуу форматта дагы жакындата турган көптөгөн жалпы маселелер бар деп эсептейм.
Пак Чжин, Корея Республикасынын Тышкы иштер министри:
- 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери биздин эки тараптуу өнөктөштүк тынымсыз өнүгүп келе жатат. Айрыкча 2009-жылы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлгандан кийин ал тез өнүгүп кетти. Буга байланыштуу биз мамилелерибизди чыңдоо үчүн мындан ары да ийгиликтерге жетишебиз. Биз салттуу тармактарда гана эмес, санариптик технологиялар, саламаттыкты сактоо, энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу жаңы тармактарда да тыгыз өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдөбүз. Эки өлкөнүн ортосундагы жигердүү дипломатия эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков