2026-жылы Казакстанда БУУнун биринчи аймактык климаттык саммити өтөт

Казакстан 2026-жылы БУУнун биринчи аймактык климаттык саммитин өткөрүүнү пландоодо. Жыйында Борбор Азия өлкөлөрү аба ырайынын жогорулашы, мөңгүлөрдүн эриши жана чөлгө айлануу сыяктуу климаттык коркунучтарды жеңүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу Премьер-министрдин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу БУУдагы келечек саммитинде билдирди. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагындагы саммитте климаттын өзгөрүшү жана ядролук коркунуч сыяктуу заманбап глобалдык чакырыктарды жеңүү темалары талкууланды.

Мурат Нуртилеу, Премьер-министрдин орун басары, ТИМ министри:

- Биз Борбор Азия жана Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча БУУнун аймактык борборун ачуу сунушун көтөрүп жатабыз. Эгер тийиштүү колдоо көрсөтүлсө, бул идея БУУнун келечектеги өнүгүү механизмдерине үлгү болот деп ишенем. Мындан тышкары, Казакстан технологиялык жактан өнүккөн бардык өлкөлөрдү тоскоолдуктарды жоюуга жана климаттын өзгөрүшүнө даяр болгон жамааттарга жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон ресурстарды бөлүүгө чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков