Жетинин айынын 11-12 күндөрү Казакстандын Президенти
Касым-Жомарт Токаев Орусия
Федерациясына мамлекеттик сапар менен барат. Мамлекет башчысы Президент
Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Уральск шаарында өтүп
жаткан Казакстан менен Орусиянын
аймактар аралык кызматташтыгынын 21-форумунда видеоконференция форматында сөз
сүйлөйт. Сапардын алкагында бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол
коюу пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

