АЭСти куруу боюнча Референдум - демократиянын
уникалдуу механизми. Бул иш-чара казакстандыктарды өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн
маанилүү чечимдерди кабыл алуу процессине тартуунун жалгыз жолу. Европа парламентинин
депутаттары, ошондой эле ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Казакстанда өтүп
жаткан референдум боюнча ой бөлүштү. Алардын айтымында, бул республиканын ачык
демократиялык баалуулуктарга умтулуусун баса белгилеген чара. Буга чет элдик
адистер дагы бир жолу ынанышты. Башкача айтканда, атомдук энергетика сыяктуу
татаал темада жарандарга чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүү-бул өлкөдө элдик
бийликтин гүлдөп жаткандыгынын белгиси. Бул мамлекет менен коомдун ортосундагы
байланыш көпүрөсүнүн бекемдигин көрсөтүп турат.
Томас Джечовски, Европа парламентинин депутаты:
- Референдум демократиянын бир бөлүгү. Ошондуктан биз Борбордук Азиянын
бардык өлкөлөрүндө демократиялык баалуулуктарды жайылтууну жана референдумдарды
өткөрүүнү дайыма колдоого аракет кылабыз. Биз Казакстан демократия принциптерин
карманып, чоң ийгиликтерге жетишкенине кубанычтабыз. Биз муну абдан баалайбыз
жана өлкө бул багытта Европа Биримдигинин институттары менен кызматташтыкты
мындан ары да бекемдей берерине ишенебиз.
Олег Копылов, Шанхай
кызматташтык уюму баш катчысынын орун басары:
- Менин оюмча, Казакстан өкмөтү элге мындай маанилүү маселе боюнча өлкө үчүн тандоо жасоого мүмкүнчүлүк бергени абдан туура чечим. Бул жалпы Казакстан элинин тандоосу. Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын кызматкерлери өлкө үчүн бул тарыхый учурду байкап турууга келдик. Референдумдун жыйынтыгына баа берүү үчүн эмес, жөн гана байкоочу болуу үчүн. Бул үчүн биз казак тараптын чакыруусу менен келдик. Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун Казакстандагы референдумдун жүрүшүн көзөмөлдөө миссиясынан тышкары түрк мамлекеттери уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңеш жана көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги сыяктуу ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көз салууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков