К. Токаев Кореяда учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

К. Токаев Кореяда учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Мамлекет башчысы Корея Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Чой Сан Мокуга, ошондой эле Муан аэропортунда учак кырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Касым-Жомарт Токаев көптөгөн адамдардын курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле жабыр тарткандардын  тезирээк сакайып кетишин каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков