Мамлекет башчысы коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчысы коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Казакстандын президенти Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев миграция жаатындагы саясатты ишке ашырууда геосаясий факторлорду, демографиялык божомолдорду жана калктын көчүү мотивдерин эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларынын көңүлүн мыйзамсыз миграциянын алдын алууну көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүнө, ошондой эле адамдык капиталды өнүктүрүү зарылдыгына бурду. Жыйында Өкмөткө конкреттүү тапшырмалар берилди. Атап айтканда, мамлекеттик органдардын функцияларын кайра карап чыгуу жана талдоо, ошондой эле миграция чөйрөсүндө иштеген бардык маалыматтык системалардын интеграциясын күчөтүү тапшырылды. 

Которгон: Назира Бегалиева