Казакстан Таиландга жалпы куну 900$ милиондон ашык 100 өнүм жеткирүүгө ниеттенүүдө

Казакстан менен Таиланд алыш-бериш талаасын кеңейтет. Астанадагы өлкөнүн соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев менен Таиланддын премьер-министринин орун басары Пхумтам Вечаячай эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Тараптар өнөр жай чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Ошондой эле документте инвестициялык потенциалга артыкчылык берет. Казакстан Тай инвесторлоруна салык жеңилдиктерин сунуштай алат. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылда эки тараптуу инвестициялардын жалпы көлөмү 100 млн долларды түзгөн. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү дээрлик 36%га өсүп, АКШ валютасында 367 миллион доллардан ашкан. Жергиликтүү ишкерлер Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсүнө бал, икра, эт жана башка товарларды жеткирүүгө кызыкдар.

Арман Шаккалиев, Казакстандын Соода жана интеграция министри:

- Биз экспортту 100дөн ашык товар позициялары боюнча 900 милион доллардан ашык суммага көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул металлургия өнөр жайы, химия жана нефтехимия өнөр жайы, минералдык ресурстар, айыл чарба товарлары, анын ичинде буудай, жер семирткичтер жана малга тоют бар.  Казакстан менен Таиланддын ортосундагы бул келишим мамлекет үчүн жаңы перспективаларды ачып, өлкөнүн экономикалык аймактарына Тай инвесторлорун тартууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Ошондой эле жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Ошондой эле өлкөнүн Премьер-министри да Тайлык  кесиптештери менен жолугушту. Тараптар Таиланд Өкмөтү тарабынан Казакстандын жарандарына визасыз режим берүү менен катар туризм тармагындагы мамилелердин оң динамикасын белгилешти. Транскаспий каттамын өнүктүрүүнүн алкагында өлкөнүн транзиттик потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү ниетин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков