Казакстандын президенти КЭРнын төрагасына көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү

Казакстандын президенти КЭРнын төрагасына көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү

Казакстандын президенти Си Цзиньпинге көңүл айтты. Телеграммада Касым-Жомарт Токаев Кытайдын Сицзан автоном районундагы Шигацзе шаарындагы кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыр тарткандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи. Мамлекет башчысы Казакстан элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан КЭР төрагасына, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана достук мамиледеги кытай элине чын жүрөктөн көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады. Эске салсак, шейшемби күнү күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын эпицентри өлкөнүн батышында 10 чакырымдай тереңдикте орун алган. Жер титирөө Непалда, Бутанда жана Индиянын түндүгүндө да сезилди. Кытайдын Тибеттеги Динжи округу эң көп жабыр тарткан. Миңден ашык имарат кулады. Жабыркаган аймактарда издөө-куткаруу иштери уланууда. Аскерлер эпицентрди изилдөө үчүн пилотсуз учак жөнөттү. Ал эми Кытайдын Каржы министрлиги менен ӨКМ кесепеттерин жоюу иштерин колдоо үчүн 100 миллион юань бөлдү. Акыркы маалыматтар боюнча, 126 адам каза болуп, 188 адам жаракат алган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков