Казакстандык ун АКШ менен КЭРдин базарларына экспорттолот

Казакстандык ун АКШ менен КЭРдин базарларына экспорттолот

Казакстан ун экспортунун географиясын кеңейтүүдө. Республика биринчи жолу аны Америка рыногуна жөнөттү. Эске салсак, өнүм Eurasian Legacy - "Евразиялык мурас" бренди менен Amazon жана Walmart сыяктуу ири онлайн платформаларда сатылууда. Белгилей кетсек, жеткирүүлөр АКШда казакстандык улуттук товарларды илгерилетүүнүн жаңы стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.


¤

Рамазан Сламханов, Qaztrade'дин АКШдашы расмий өкүлү:


- Биз биринчи жолу Нью-Йоркко унду ийгиликтүү экспорттодук. Ал жакка 50 тонна кетти. Ташуу эки айга жакын убакытты алды: Актаудан Баку аркылуу, грузин порту Поти, Стамбул жана андан ары Нью-Йоркко жөнөтүлдү. Келечекте биз айына 100 миң тоннага чейин ун экспорттоого үмүттөнөбүз. Америкалык чекене сатуучулар жана керектөөчүлөр биздин өнүмгө чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө.


Ошол эле учурда, казакстандык дан эгиндери Кытай дүкөндөрүнүн текчелеринде да кездешет. Бул жерде өзгөчө буудай унуна суроо-талап жогору. Дан текчеге коюлганга чейин алгачкы иштетүүдөн өтөт. Бул үчүн Түндүк Казакстан облусунда логистикалык-кайра иштетүүчү агропарк түзүлгөн. Долбоорду кытайлык дан жана май өндүрүүчү өнөр жай тобу ишке ашырган. Андан соң ун терең иштетүү үчүн Кытайга жөнөтүлөт. Белгилей кетсек, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле Казакстандан Кытайга 100 миң тоннага жакын тоюттук буудай уну, 10 миң тоннага жакын жогорку сапаттагы ун жана буудай, 10 миң тоннадан ашык өсүмдүк майы экспорттолгон.


Чжипин Лю, «Айцзюй» дан жана май өнөр жай тобунун башкы мүдүрүнүн орун басары:


- Негизинен, Казакстандан биз күн карама, рапс жана зыгыр майы үчүн чийки зат импорттойбуз. Түндүк Казакстан, Акмоло жана Костанай облустарынан алып келебиз. Жыл сайын 2-3 миллион тонна өнүм өндүрөбүз. Дан эгиндерине келсек, күрүч, буудай сатып алабыз. Алардан ун жасайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков