Казакстандык жаштардын 90% ашыгы өлкө президентине ишеним көрсөтөт. Муну Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун социалдык сурамжылоосунун жыйынтыгы көрсөттү. Респонденттердин көпчүлүгү Казакстан туура багытта өнүгүп жатат жана өлкөдөгү абал туруктуу деп эсептешет. Сурамжылоого катышкандардын көбү өз жашоосуна ыраазы жана алдыдагы жылда жашоо шарты мындан да жакшырарына ишенишет. Ошондой эле, респонденттер мамлекет жарандардын пикирин угуп, коомдун талаптарына жооп берип жатканын белгилешет. Изилдөөнүн маалыматтары боюнча, жаштар арасында социалдык оптимизмдин жогорку деңгээли сакталууда. Алар өз келечегине ишенишет жана мамлекетти ишенимдүү өнөктөш, туруктуулуктун кепилдиги катары кабыл алышат. Серепчилердин айтымында, жогорку көрсөткүчтөр Казакстанда жаштар үчүн ачылган конкреттүү мүмкүнчүлүктөрдүн натыйжасы. Бул позитивдүү маанай бир нече негизги багыттарга – сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгү, алдыңкы санариптик чөйрө, реалдуу социалдык маселелер, өздүк турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө негизделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

