Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин өткөн жылдагы ишмердигинин
жыйынтыктары жана бул боюнча пландары тууралуу анын төрагасы Казакстандын Президентине
маалымат берди. Дархан Жазыкбайдын айтымында, өлкөдө кадрдык процесстерди
санариптештирүү кызуу жүрүп жатат – атап айтканда, eQyzmet системасы масштабы
кеңейтилүүдө. Ал, квалификациялык талаптарга ылайык талапкерлердин базасын түзөт. Ошондой эле, электрондук өздүк
иштердин негизинде жетекчилик кызматка талапкерлердин рейтингин түзүүгө
мүмкүндүк берген «Кадрларды тандоо» жаңы функциясы ишке киргизилди. Жалпысынан
бирдиктүү маалымат базасына 19 уюм кошулса, быйыл дагы 2 жарым миңге жакын уюм
кошулат.
Дархан жазыкбай, Мамлекеттик кызмат иштери
боюнча агенттигинин төрагасы:
- Учурда мамлекеттик кызматты өнүктүрүү концепциясын
ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоору даярдалууда. Анын алкагында бирдиктүү кадр
системасын масштабдоо, эрте кесипке багыт берүү институтун түзүү, адам
ресурстарын башкарууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу. Мамлекеттик
жумушчулар үчүн горизонталдуу өсүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

