БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын Бакудагы конференциясынын алкагында Казакстандын президенти Грециянын премьер-министри менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле өз ара сооданы ар тарптандыруунун маанилүүлүгүн талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Афина Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн ичинен Астананын беш ири соода өнөктөшүнүн катарына кирерин баса белгиледи.
Ал эми Түндүк Македония Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге эки тараптуу мамилелерге кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Гордана Силяновская-Давкова Казакстандын эл аралык аренадагы ролун орто держава катары жогору баалады. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле эки өлкөнүн жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү келечектерине өзгөчө көңүл бурушту. Казакстан менен Түндүк Македониянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү тууралуу да макулдашууга жетишилди.
Казакстандын Президенти Хорватиянын премьер-министри менен энергетика тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө бизнес жүргүзүп жаткан хорватиялык компанияларга колдоо көрсөтүп, Андрей Пленковичти Астананын экинчи эл аралык форумуна катышууга чакырды. Иш-чара кийинки жылы өтөт. Хорватиянын Премьер-министри Казакстандын президентине да өлкөгө келип кетүүнү сунуштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков